Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы балатысын орнотуу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
"Башкы балатынын бийиктиги 25 метр, балатынын түбүнүн диаметри 12 метр, балатыга 1400 ийне жалбырактуу дарактардын бутактары илинет. "Ала-Тоо" аянтын жана башкы балатыны кооздоо үчүн 7,5 миң оюнчук, 8 чакырым гирляндалар, 2 чакырым лампа гирляндалар сатып алынды", - деп билдиришти мэриядан.
Ошондой эле борбордук аянтка кичи архитектуралык формалар орнотулат. Алар: бугу, бүркүт, илбирс, ат, «2023», бак, карагай, коён жана белек.
Эске салсак, быйыл борбор калаанын башкы балатысы чоң фонтандын ордуна орнотулууда.