Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төкпөгөн жаран пенсияга чыга албайт. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Эл өкүлү Улан Бакасов Соцфонддун төрагасынан эч жерде иштебеген жарандар пенсияга чыгар-чыкпастыгын сурады. "Эч жерде иштебеген адамдар пенсияга чыгышабы, чыкса канча сом алышат? Айтайын дегеним, Нарын, Ат-Башы жергесинде өмүр бою мал багып, дыйканчылык менен алектенгендердики кандай болот?", - деди Бакасов.
Бактияр Алиев алар пенсияга чыга албай турганын билдирди. "Социалдык фондго төлөм жүргүзгөндөр гана пенсияга чыга алат. Болбосо Социалдык камсыздоо министрлигинен 2000 сомдон пособие алат. Мамлекет аны пенсиянын ордуна жөлөк пул катары төлөп берет", - деп жооп берди Алиев.