2022-жылдын 29-декабрына чейин Орусияга барган кыргызстандыктар манжа изин каттоодон өткөрүшү керек

2021-жылдын 29-декабрына чейин Орусияга барган кыргызстандыктар 10-январга чейин манжа изин каттоодон өткөрүшү керек. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Мурдараак маалымдалгандай, 2022-жылдын 29-декабрына чейин Орусияга барган Кыргыз жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Элчилик Орусия мыйзамын сыйлоого жана терс кесепеттерди алдын-алуу үчүн мекендештерди белгиленген мөөнөттөрдө жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболордон өтүүгө дагы бир жолу чакырат.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу алар манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүүнүн шарттарын милдеттүү түрдө аткарганда гана мүмкүн болот", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан