Акылбек Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин чыгымдарына ким жооп берерин айтты

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Жанар Акаев "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин чыгымдары үчүн жоопкерчиликти ким аларына кызыкты.

"3,5 миллиард акча бөлүнүп "Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги түзүлдү эле. Азыр эми чыгымы 700 миллион деп жатат. Бир киши үчүн ушундай ишканалар түзүлүп, чыгымдар боло береби? Бул чыгымдарга ким жооп берет", - деди ал министрлер кабинетинин төрагасына.

"Жооп бере турган киши отурбайбы. Сот күнөөлүү же күнөөсүз экенин далилдейт, ошого жараша жооп берет", - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой ал "Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингин жоюуга бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгү кайра бюджетке түшөрүн билдирди.

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги 2021-жылдын аягында түзүлгөн. Ал кезде холдингдин жетекчиси болуп Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган. Кийинчерээк холдинг тоо-кен өнөр жайы, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканы маалымдалган.

Апта башында "Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги жоюлар кабарланды. Холдингге бөлүнгөн 3 миллиард 400 миллион сом бюджетке кайтарылганы айтылат.

Эске салсак, Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан кармалган.

Буга чейин Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктү кармаганы белгилүү болгон. Мындан сырткары камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган.

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан