Жалал-Абадда милиция уюштурган сынакта 65 жаштагы аксакалдын командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, бүгүн, 8-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин демилгеси менен шаардагы №5 Б.Осмонов атындагы мектеп гимназиясында "Зомбулуксуз жашоо" акциясынын алкагында "Менин үй-бүлөм" аталышындагы кароо-сынагы өттү.
Сынакка Жалал-Абад шаарындагы 18 мектептин окуучусу ата-энелери жана чоң ата, чоң энелери менен катышышты.
Сынактын катышуучулары үй-бүлө мүчөлөрү менен бир команда болушуп, маданий, интеллектуалдык оюндар, спорт жаатында таймашышты.
Жалпы көрсөткүчтө топтолгон упайлардын артыкчылыгы менен №9 Раатбек Санатбаев мектебинин атынан катышкан 65 жаштагы Алмазбек Матраимов аксакалдын командасы 1-орунду багындырды.
Жеңүүчүлөргө жана жалпы катышуучуларга Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан даярдалган баалуу белектер тапшырылды.