Бишкекте милиция күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери 8-10-декабрь күндөрү Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) өтүп жатканына байланыштуу кызмат өтөө тартибинин күчөтүлгөн режимине өтүштү. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы маалымдады.

Коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда 500дөн ашык кызматкер тартылган. Кортеждер өтүү учурунда гана унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калтырылган унаалар эвакуацияланат.

"Урматтуу шаардын жашоочулары жана коноктору! Иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол тыгындарды болтурбоо үчүн жолдо жүрүү эрежелерин жана айдоочулук маданияттуулукту сактоону, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбоону суранабыз. Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды «Манас» аэропортуна алдын ала келүүсүн суранабыз", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууларына ишеним артат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан