Бишкек шаарындагы №4 мектептен жардыруучу зат табылган жок, ал эми окуу процесси башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына калаа мэриясынан кабарлашты.
Мэриядан маалымдашкандай, бүгүн саат 7:49да мектептин электрондук дарегине жардыруучу зат коюлгандыгы боюнча кат келген.
"Ошол замат тиешелүү органдарга кабар берилип, окуучулар жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланып, ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн мектептин имараты курчоого алынган. Текшерүү толук аяктады, жардыргыч зат табылган жок. Мектепте окуу процесси кайрадан жанданды", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин айрым ЖМКлар Бишкектеги №4 мектептен окуучулар менен мугалимдер эвакуациялангандыгын, белгисиз бирөөлөр имаратка бомба коюлганын билдиргенин жазып чыккан.
Белгилей кетсек, 30-ноябрда Бишкектеги №67 мектебинде дал ушундай окуя болгон.