Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны болуп өттү.
Жыйын башталардын алдында ЖЕЭК төрагасы, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларын — Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинянды, Беларусь президенти Александр Лукашенкону, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Орусиянын президенти Владимир Путинди учурашып, тосуп алды.
Кол алышуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары ЖЕЭКтин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарын өткөрүштү, ага Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов да байкоочу катары катышты.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө катышуучуларды тез өнүгүүгө жетишүү үчүн жаңы чараларды жана механизмдерди аныктоо аркылуу ЖЕЭКке мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөнү улантууга чакырды.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Садыр Жапаровго Кыргызстандын 2022-жылы Биримдикке ийгиликтүү төрагалык кылганы, ошондой эле бүгүнкү иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгында 15 документ кабыл алынды.
2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалык Орусияда өтмөкчү.