Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Залкар жазуучунун китептери 170 тилге которулуп, жалпы тираж менен 60 миллион даана чыгарылган. Айтматов “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” өңдүү роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.
2008-жыл - Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланып, туулган күнүндө белгиленмек болуп, тилекке каршы, жазуучунун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу бул ой ишке ашпай калган. Ал 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан