Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарына баруу үчүн тик учак менен учуп кетти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
"УКМК башчысы бардык күч түзүмдөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулап, көзөмөлдөп келмекчи", - деп билдиришти УКМКдан.
Ташиев аталган облустарга барып укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн текшерет.