Жоголуп кеткен бала ата-энесине кайтарылып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Ош облустук милициясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 8-декабрга караган түнү саат 00:35 чамасында Ош шаарынын Салиев көчөсүндө 2007-жылы туулган А.С. аттуу өспүрүм адашып жүргөн жеринен милиция кызматкери тарабынан Ош ОИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна алынып келинген.
"Адашып кеткен баланын аты-жөнү белгилүү болуп, ал Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги аныкталып, мыйзамдуу өкүлүнө өткөрүлүп берилди. Бул бала буга чейин да үйүнөн чыгып кетип жакындары издөөгө мажбур болгон болчу. Тактап айтканда, 14-июнда Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан Ош ОИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна түнкү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда көчөдө адашып, жанында ата-энеси жок, көзөмөлсүз жүргөн жеринен аты-жөнүн тактап, мыйзамдуу өкүлүнө кошуп берүү үчүн алынып келинген.
Ошол учурда апасы Р.С. Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен кайрылып, арызында баласы А.С. 3-июнь күнү болжол менен саат 10:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барбагандыгын билдирип, уулунун жүргөн жерин аныктап таап берүүнү суранганы маалым болгон", - деп айтылат маалыматта.