Индиянын Аруначал-Прадеш штатында кытайлык аскерлер менен кагылышууда Индия армиясынын бир нече жоокери жарадар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кагылышуу Аруначал-Прадеш штатындагы Таванг шаарында болгон. Анда Кытайдын аскерлери чек ара сызыгына чейин кирип келишкен. Аларды токтотууга аракетенген. Жаңжалдан эки өлкөнүн бир нече аскер кызматкерлери жарадар болгон.
Маалым болгондой, эки өлкөнүн аскер башчылары жолугушуп, тынчтыкты жана бейпилдикти калыбына келтирүү маселесин талкуулашкан.
Кытай тарап чек арадагы окуя боюнча комментарий бере элек.
Ушундай эле окуя Кытай менен Индиянын ортосунда 2020-жылдын июнь айында болгон. Натыйжада 20 индиялык жоокер набыт болгон.