Бир жарым миң балык бар болчу. Берлинде эң чоң аквариум жарылды

Германиянын Берлин шаарында дүйнөдөгү эң чоң аквариум жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аквариум цилиндр формасында болуп, бир жарым миң балык бар болчу.

Ал аквариум "DomAquarée" мейманканасында жайгашкан. Анын ичиндеги миллион литрге жакын суу көчөнү каптаган. Мунун кесепетинен эки адам жабыркап, мейманкананын коноктору башка жерге көчүрүлдү. Жеринде 100гө жакын медициналык кызматкер иш алып барган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Берлинде эң чоң аквариум жарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан