Уролог: "Бел суунун начарлап кетиши жана бойдон алдыруу дагы тукумсуздукка алып келет"

Акыркы учурда бала жытына зар болгон жуптар көбөйүүдө. Балалуу болуунун аракетин көрүп жылдан-жылга дарыланып, дарыгерге кайрылган үй-бүлөлөр дагы жок эмес. Каарманыбыз врач-уролог Иман Жамалдинов эркектер жана аялдар арасындагы тукумсуздуктун себептерин айтып берди. Анын айтымында, тукумсуздук менен ооруган жуптар көп, бирок врачка кайрылгандар азыраак.

- Иман мырза, тукумсуздук эмнеден улам келип чыгат? Анын белгилери кандай?

- Тукумсуздук - бул жубайлардын бир жылдык аракетинен, тактап айтканда бири-бири менен гана жана үзгүлтүксүз жыныстык катнаштан кош бойлуулук болбосо, тукумсуздук себептерин аныктоо керек.

Тукумсуздуктун себептери:

  • жыныстык органдарынын тубаса аномалиялык оорулары
  • генетикалык жана иммунологиялык оорулар
  • эндокринологиялык оорулар(гормондордун бузулушу)
  • психологиялык себептер
  • варикоцеле оорусу(жумуртка кан тамырларынын кеңейүүсү)
  • жыныстык органдарынын инфекциялык жана сезгенүү оорулары жана башка.

Статистика боюнча айта кетсек, статистикада дарыгерлерге кайрылган гана учурлар эске алынат, тактап айтканда жалпы үй-бүлөлөрдүн 15% тукумсуздук менен кайрылса, алардын 3-5% тукумсуз экендиги аныкталат, калган бөлүгү дарыланууга мүмкүн.

Ал эми жалпы статистика боюнча айтсак, тукумсуздуктун себебин аныктоодо 30% эркектердин, 35% айымдардын жана 15% учурда жубайлардын экөөнүн тең оорулары аныкталат.

- Өзүңүз көрүп тургандай, жашоочулар учурда калааны каптаган кара түтүн менен дем алууда. Мунун дагы кандайдыр бир тукумсуздукка тиешеси барбы?

- Ыштын тукумсуздукка тийгизген таасирин айтсак, өтө деле орчундуу таасири жок. Бирок ыштын концерогендик таасири астында организмде иммунитет кескин төмөндөйт. Анын төмөндөшү организмдеги бардык зат алмашуу, өрчүү жана гормондук процесстерге терс таасирин тийгизет.

Ыш көбүнесе жаш балдарга, кош бойлууларга жана улгайган адамдарга терс таасирин тийгизип, өмүргө коркунуч алып келүүчү, өпкө жана кан-тамыр ооруларына алып келет

- Тукумсуздук менен көбүнчө эмгек мигранттары оорушу мүмкүнбү?

- Эми тукумсуздук менен бир гана же көбүнчө эмгек мигранттары гана жабыркайт деп айтуу кыйын. Себеби, оорунун факторлору ар түрдүү болот. Балким, иштеген жери сууктур, балким, коргонуусуз жыныстык катнаш кылгандыр. Айтор, тукумсуздукка ар тармактагы адамдар кабылышы мүмкүн.

- Иман мырза, айтсаңыз, бел суунун начарлап кетиши дагы тукумсуздукка алып келиши мүмкүнбү?

- Ооба, бел суунун (сперманын) начарлап кетиши - дарт аныктоодогу негизги көрсөткүчтөрдүн бири. Муну биз спермограмма анализи аркылуу аныктайбыз. Ал эми негизги себептери болуп, азыркы шартта гормоналдык дисбаланс жана варикоцеле саналат.

- Тукумсуздукка жеткирген оорулар кайсылар?

- Тукумсуздукка негиз болгон ооруларды жалпылап жогоруда айтып өттүк. Анын ичинен варикоцеле оорусуна токтолуп кетким келет. Статистика боюнча бул оору көбүнчө симптомсуз абалда болот. Тактап айтканда, өтө бир катуу оору менен коштолбойт жана 15-25 жашка чейинки балдарда аныкталат. Варикоцеле - жумуртканы камсыздоочу кан тамырлардын кеңейип кетүүсү. Негизинен физикалык күчтүн таасири астында, спорт менен жаштайынан алектенген балдарда кездешет. Көп учурда аскердик медициналык же профилактикалык текшерүү учурунда аныкталат.

Тукумсуздук ооруларынын дагы бири - бул медициналык тил менен айтканда гормоналдык дисбаланс, буга азыркы учурдагы азыктар, адамдын иш тартиби жана дагы генетикалык өзгөчөлүктөр таасир этет.

- Иман мырза, аялдардагы тукумсуздуктун себептери жана белгилери тууралуу дагы айтып берсеңиз?

- Аялдардын тукумсуздугунун дагы негизги себептери жогоруда айткандай организмдеги гормондорду толук текшерүү зарыл. Ошондой эле жыныстык органдарынын толук жетилгенин жана инфекциялык-сезгенүү ооруларын текшерип аныктоо керек.

- Бойдон алдыруу дагы тукумсуздукка алып келиши мүмкүнбү?

- Ооба, албетте, бойдон алдыруу дагы тукумсуздукка алып келүүчү негизги фактор. Себеби, бойдон алдыруу учурунда жатындын (матка) жабыркоосунан улам келечекте бала көтөрө албоосу мүмкүн.

- Экинчи тукумсуздук тууралуу айтып берсеңиз... Экинчи жолу балалуу боло албай жүргөн да жуптар бар да.

- Экинчи тукумсуздук тууралуу айтсам, оорулардын белгилүү бир аныкталган убактысы жок да. Балким, башында ден соолугу жакшы болгондур, убакыттын өтүшү менен ар кандай факторлордун, себептердин таасири астында ден соолук начарлайт. Ошол себептүү ар бир эркектин кеңешчи урологу, айымдардын көзөмөл кылуучу гинеколог дарыгери болушу абзел. Жыныстык ооруларды алдын алуу үчүн жылына бир жолу профилактыкалык текшерүүдөн өтүү зарыл. Ал эми балдар урологго 15-16 жаштан баштап көрүнүп турганы дурус.

- Тамеки чегүү жана спирт ичимдиктеринин балалуу болууга тийгизген таасирлери тууралуу да айтып берсеңиз?

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун негиздөөсүнө таянып айтсак, тукумсуздукка терс таасирин тийгизген факторлордун сап башында спирт ичимдиктери, табак өндүрүмдөрү жана баңгизат турат. Булардын таасири тууралуу айта кетсек, алкоголь боордун башкы “душманы” болгону менен, эркектердин негизги гормону болгон тестостерондун бөлүнүп чыгышына терс таасирин тийгизет. Спирт ичимдиктерин жеке эле дайыма адатка айландырып ичүүдө эмес, бир эле жолу ичүүдө дагы тестостерон гормонунун балансына кескин терс таасирин тийгизет. Негизинен алкоголго көз карандуулук эркектерди толук тукумсуздукка алып келүүсү анык.

Ал эми тамекидеги никотиндин жана баңгизаттардын адамдын психологиялык жана репродуктивдик функцияларына түздөн-түз терс таасирин тийгизет. Алардын терс таасирдүүлүгүнүн механизмин түшүндүрүү үчүн көп убакыт талап кылынат.

- Тубаса тукумсуздукту дарыласа болобу?

- Биринчиден , тубаса тукумсуздуктун себебин аныктоо керек. Экинчиден, оорунун түрүнө жараша кээ бир тубаса ооруларды хирургиялык жол менен же бир эндокринологиялык негиздеги оору болсо айыктырууга мүмкүн. Ал эми кандайдыр бир аномалиялык негизде кайсы бир орган толук жетилбей калган болсо, анда айла жок дейбиз.

- Иман мырза, пайдалуу маегиңиз чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан