"Депутат, министрлер бийлешип". Өлкөдө кышкы туристтик сезон расмий ачылды (видео)

Бүгүн, 17-декабрда Чүй облусундагы "ЗиЛ" тоо лыжа базасында 2022-2023-жылдын кышкы туристтик сезонунун расмий ачылышы болуп өттү.

Иш-чарада эс алуучулардын арасында оюн-зоок уюштурулуп, казак жана кыргыз ырчыларынын концерттик программасы орун алды.

Ачылыш аземде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы жана Чүй облусунун губернатору Нурил Алымбаев сөз сүйлөшүп, аталган лыжа комплекси туристтерди тартууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. Ошондой эле министрлик тараптан мындай эс алуучу жайларга көңүл бурулары айтылды.

Белгилей кетсек, өлкөдө жалпы 23 тоо лыжа базасы бар, алардын көпчүлүгү Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

"ЗиЛ" тоо лыжа базасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан