Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткен облусундагы кесиптештерине жеринде жардам берүүгө алгачкылардан болуп өз ыктыяры менен кол сунган медицина кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 17-декабрда Улуттук госпиталда медицина илимдеринин доктору, кыргыз эл баатыры Миталип Мамытовдун илимий ишмердүүлүгүнө арналган туу көтөрүү аземинин алкагында болуп өттү. Сыйлыктарды саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова тапшырды.
Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери төш белгиси менен сыйлангандар:
Гүлсада Сейдибалиева – Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн медайымы.
Гүлжан Мукашова – Торакалдык хирургия бөлүмүнүн палаталык медайымы.