Айыл чарба министринин орун басарлары алмашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругуна ылайык, Раматов Мурат Садинович жана Насирдинов Самат Насирдинович айыл чарба министринин орун басарлары болуп дайындалышты.

Буга катар Жоробеков Тариэл Улукбекович Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору болуп дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, жазгы талаа иштерине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүү дыйкандардын алдыдагы айдап-себүү иштериндеги кыйынчылыктарды ийгиликтүү жеңе тургандыгынын кепилдиги.

Анын айтымында, дагы бир орчундуу маселе - мамлекеттик сугат фондунун алдыдагы сугат мезгилине даярдыгы.

Бакыт Төрөбаев ведомствонун алдында турган бардык милдеттер жаңы жетекчилердин кесиптик чеберчилигине, билимине жана тажрыйбасына жараша тез арада аткарыларына ишеним билдирди.

"Айыл чарба министрлигинин кызматкерлерине бүтүндөй айыл чарбасынын түшүмдүүлүгү жана рентабелдүүлүгү түздөн-түз көз каранды болгон чарбалардын бардык категорияларын колдоого багытталган жемиштүү иштерди каалайм", - деп белгиледи ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан