Султанбаев: "Жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатат"

Бүгүнкү күндө жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул же Bombardier Challenger же Embraer Legacy болот.

"Кыргыз тарап чакан, анча чоң эмес делегациялардын чет өлкөлөргө визиттер үчүн эсептелген бул учакты сатып алуу чечимин кабыл алды. Буга чейин андагы бардык учуулар компания ээси менен макулдашуу боюнча акысыз болгон", - деп жазды Султанбаев.

Ал белгилегендей, Кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү.

"Анын ичинде президент Жапаровдун Катар мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан