Аргентина бийлиги бүгүн, 20-декабрда өлкөдө эс алуу жарыялады. Бул футбол боюнча курама команданын дүйнө чемпионатындагы жеңишинин урматына байланыштуу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Улуттук курама келип, жарандар аларды салтанаттуу түрдө тосуп алышы үчүн кабыл алынган чара. Анткени бүгүн Лионель Месси баштаган Аргентина курама командасынын футболчулары башкы кубок менен өлкөнүн борбору Буэнос-Айрес шаарына келет.
Андан соң шаарда чемпионаттын парады башталат.
Белгилей кетсек, 18-декабрда Аргентина курама командасы 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында Францияны пенальтилер сериясынан 4:2 эсебинде утуп дүйнө чемпиону болду.
Аргентина үчүн бул 36 жылдан берки алгачкы жеңиш.