ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТ: Эң жогорку-226, эң төмөнкү балл-65

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө 1260 адам катышты. Анын ичинен 893 катышуучу же 70,9 пайызы 110 же андан жогору балл топтоду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында айтылат.
"Республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түзсө, эң жогорку – 226, эң төмөнкү – 65 баллды түздү", - деп айтылат маалыматта.
Тестирлөөдө максималдуу баллды – Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун жана Ош шаарынын катышуучулары алса, эң төмөнкү баллды – Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун катышуучулары алды.
ЖРТны кыргыз тилинде – 658, орус тилинде – 602 катышуучу тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан