УКМК депутат Эмил Жамгырчиевге издөө жарыялады

УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, ага издөө жарыялады.
Атайын кызмат бүгүн, 26-декабрда тараткан маалыматка караганда, "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаевдин 30-ноябрда Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуу жабдуулары табылганы боюнча айткан билдирүүсүнүн негизинде УКМК тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, депутат Акаев, Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул окуяга тиешеси бар башка адамдар сурак берген.
"Ошол эле учурда Эмил Жамгырчиевге текшерүүнүн маңызы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга бир нече жолу чакырылган. Бирок иликтөө жана ыкчам издөө иштеринин натыйжасында анын жүргөн жерин аныктоого жана атайын техника табылганын тастыктоого мүмкүн болгон эмес. Депутат Жамгырчиевдин Кыргызстанда жок болуусу, анын чек арадан мыйзамсыз өткөнүнөн жана башка өлкөдө жүргөнүнөн кабар берет. Ушуга байланыштуу УКМК депутаттын кайда жүргөнү боюнча маалыматы бар адамдарга (0312) 66 04 75, (0312) 62 65 04 телефон номурлары аркылуу нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, депутат Эмил Жамгырчиев 27-ноябрга оогон түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга бара жатканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы маалым болгон. Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди УКМКнын кызматкерлери кармап, кайра коё берген. Ошол бойдон эл өкүлү дайынын билдире элек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан