Бишкек мэриясы көрүстөндөргө барган шаардыктарга кайрылды

Бишкек мэриясы шаардыктардан көрүстөндөргө барганда көрктөндүрүү эрежелерин сактоону өтүнөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Анда калаа жетекчилиги тургундардын көрүстөндөргө таштанды калтырып кетип жаткандыгына нааразычылыгын билдирген.

"Шаардыктар каза болгон туугандарынын мүрзөлөрүн тазалагандан кийин таштандылардын баарын аллеяга таштап кетишет. Борбор калаанын мэриясы жарандарды көрүстөндөргө зыярат кылууда шаарды көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык нормаларды сактоого чакырат. Сураныч, таштандыны урналарга жана таштанды челектерге алып барып салыңыз", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан