Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Украинадагы согушка катышты делинип К.у.А аттуу Кыргыз жараны 11-январда кармалган.
"Ал Украинага көчүп барып, ал жердеги аскердик топтордун катарында аскердик операцияларга катышкан. 2023-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К.у.А. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатат.
УКМК Кыргыз жараны чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчиликке тартыларын эскертти.