Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөдөн кабар алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомдук сертификат жана азык-түлүк түрүндөгү белектерди тапшырды.
Эске салсак, 20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмди жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөнүн жети баласы бар, алардын алтоо уул, бирөөсү кыз.