Бишкек шаарында үч эм төрөлдү. Аларды жарыкка №2 төрөт үйүндө 37 жаштагы Нурзида Садырбаева алып келди. Бул тууралуу аталган төрөт үйүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, ымыркайлар 35 жумалыгында кесарево жолу менен эртең мененки саат 10:06да жарык дүйнөгө келген.
"Алардын үчөө тең эркек балдар. Ымыркайлар биринчиси 2360 грамм, экинчиси 1900 грамм, үчүнчүсү 2490 грамм салмакта төрөлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда эненин абалы канааттандырарлык экени айтылды.