Ошто арматура менен сабалып каза болгон жаран: Жетигенов ыкчам жыйын өткөрдү

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү боюнча калаа мэри Бакытбек Жетигенов укук коргоо органдарынын жетекчилери менен ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэр коомчулукта чоң нааразылык жараткан кылмышка өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

"Мыйзамсыздыкты токтоткула! Бул чыныгы жырткычтык. Тиешелүү социалдык-профилактикалык иш-чараларды күчөтүү зарыл. Мыйзам сакталышы керек, бардык күнөөлүүлөр мыйзамдын чегинде катуу жазага тартылышы абзел. Мындай кылмыштуулук башка кайталанбашы керек", - деп белгиледи Жетигенов.

Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон. Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы үч жаран издөөгө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
miki87
2023-01-14 02:15:00
Ушул эркектик эмес адамдыка да жатпайт. Бул нагыз шакалдардын иши 4 шакал бир адамга. Налат ата энене уругуна сага берген тарбиялары учун. Эки дуйно жарыбай калгыла. Арамдар . Ошол криминал черный дагы кандай ысымдарынар бар кантип эркекпиз деп журосунор басып. Шакалсынар
0
mirbek2211
2023-01-14 09:40:00
miki87шакал да буларга караганда жакшыраак.
0
Birimdik5555
2023-01-14 08:21:00
Женгону кармап кайра кое берген, эми дагы кармаптыр дагы кое беришет кучтору жетпейт экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан