Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан сабалып каза болгон жаран жана учурда ооруканада жаткан жаран экөө тең ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйында билдирди.
"Экөө тең бир нече жолу соттолгон. Каза болгон жаран баңгизатка байланыштуу кылмыш ишине шектелип жаткан. Ал жакын арада ири өлчөмдөгү баңгизаты менен кармалмак. Ал эми ооруканада жаткан жаран дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Ал башка кылмыш ишине байланыштуу жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Кененирээк дагы да маалымат беребиз", - деди Абдиев.
Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон.
Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы беш жаран издөөгө алынган болчу.
14-январда жогоруда аталган кылмышка шектелип издөөдө жүргөндөрдүн экөөсү Чүй облусунун аймагынан кармалганы кабарланган. Дагы бир шектүү ушул эле күнү Ош облусунун аймагынан колго түшүрүлгөнү кабарланган. 15-январда дагы бир шектүү Бишкек шаарынын аймагынан кармалган.