"Мектептер агайларга муктаж". Билим берүү министринин кайрылуусу (видео)

Билим берүү жана илим министрлиги "Мектептер агайларга муктаж" аттуу акция жарыялады. Бул тууралуу министр Уланбек Мамбетакуновдун кайрылуусунда айтылат.
Акциянын максаты агайларды мектепке тартуу жана мектептер агайлардын үнүнө муктаж экенин билдирүү менен мугалимдик кесиптин улуулугун даңазалоо экендиги айтылат.
"Бүгүнкү күндө билим берүү тармагында көптөгөн мугалимдер эмгектенип, келечек муунга билим берүү менен биргеликте тарбия берүү процессин дагы жүргүзүп келүүдө. Окуучулар үчүн агартуучуларыбыз мугалим гана эмес, сыйлуу, урматтуу инсан катары кабылданып, жогорку статусту алып жүрүшөт. Ушул инсандардын арасында эжейлерибиз менен биргеликте агайларыбыз дагы билим берүү ишинде өзгөчө орунда турары баарыбызга маалым.
Тилекке каршы, акыркы жылдары мектепте иштеген агайлардын саны азайып баратат. Бул көрүнүш балдарыбызга тарбия ишин жүргүзүүдө кандайдыр бир жетишпестиктерге алып келиши мүмкүн. Мындан улам агайларды мектепке тартуу жана мектептер агайлардын үнүнө муктаж экенин билдирүү менен мугалимдик кесиптин улуулугун даңазалоо максатында "Мектептер агайлардын үнүнө муктаж" акциясын баштадык. Акциянын жүрүшүндө азыркы тапта мектептерде эмгектенип жаткан агайларды коомчулук менен тааныштырып, сыйлуу кесиптин ээси экенин белгилемекчибиз", - деди Мамбетакунов.
Акцияга катышууну каалагандар өзүнүн мектебиндеги агайы тууралуу ролик тартып, социалдык баракчасына Билим берүү жана илим министрлигинин баракчасын белгилеп, #МектептерАгайларгаМуктаж жана #БиздинАгай хештегин жазып, 23-февралга чейин жайгаштыруусу зарыл.
Видео: Билим берүү жана илим министрлиги
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан