3 облуста онлайн окутууга өткөн мектептердин тизмеси

Бүгүн, 17-январдан баштап Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Маалыматта аталган аймактарда айрым бала бакчалар жабылгандыгы дагы айтылат.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, онлайн окутууга өткөн мектептер:

  • Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер;
  • Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер;
  • Таш-Көмүр шаарындагы 6 мектеп;
  • Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1 мектеп жана 1 мектептин 2-корпусу;
  • Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп.

Кара-Көл шаарындагы 2, Таш-Көмүр шаарындагы 3, Бакай-Ата районундагы 1 жана Жайыл районундагы 5 бала бакча жабылды.

Маалымдама: Буга чейин катуу суукка байланыштуу Ат-Башы районундагы 21 мектеп онлайн окутууга өткөрүлгөнү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан