Ат-Башыда окуучулар онлайн окууга өткөрүлдү

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектептер онлайн форматында окутууга өткөрүлдү. Буга аталган аймактагы аномалдуу суук себеп болгонун президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалымдалгандай, окуучулар бүгүн, 17-январдан тарта онлайн окуп баштады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Ат-Башы районунда жалпы 21 мектеп бар.

Эске салсак, мындан тышкары Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу окуучулар онлайн окуп жатат. Онлайн окутуу шаардагы абал калыбына келгенге чейин уланмакчы. Өлкөдө окуучулар кышкы каникулу аяктап, 16-январдан тарта сабактар башталган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан