"Үрөй учат". Непалда кыйраган учактын кулап түшкөн видеосу

Непалда 15-январда 72 кишини ташып баратып кырсыктаган учактын кулап түшкөн учуру видеого тартылып калган.

Анда учактын оң канаты тараптан өрт чыкканын көрүүгө болот.

Жекшемби күнү ATR 72 жүргүнчү учагы Катмандудан Каски шаарынын Покхара районуна кулап түшкөн. Учакта 68 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Алардын арасында эки ымыркай жана он чет элдик жаран бар болчу. Борттогу 72 адамдын ичинен эч кимиси аман калган эмес.

Буга чейин Непалдын жарандык авиация башкармалыгы Покхарада кыйраган Yeti Airlines учагынын учуу маалыматтары жана кабинадагы жазгычтар табылганын билдирген.

Видео: Интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Almaz-Pazylbai
2023-01-17 19:26:00
Бул Россияда кулаган самолёты! Непалдагы башка ал
+1
bazar
2023-01-17 19:40:00
Бул эски эле видео.
0
Zhoro
2023-01-18 12:52:00
Суперге баары бир Ким эмне жонотсо чыгара берет, ааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан