Качкын президент Курманбек Бакиев кыргыз элине кайрылуу жасап, оор күндөрдө кайрат айткандарга ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-январда социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Урматтуу мекендештерим, оор күнүмдө кайрат айтып колдоп турган кыргыз элим, дүйнөнүн ар тарабынан мага чалып, социалдык тармактардан жазып көңүл айтып жаткан боордошторум! Эң оболу мен сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирип, рахматымды айтамын.
Башыма кара туман каптап, үй-бүлөм менен аза күтүп калган чакта, бизди колдоп, сүйөп-таяп, ар кандай кайрат сөздөрүңөрдү айтып, жазып жатасыздар. Бул нерсе биз үчүн бардык байлык, бийликтен да жогору турат. Сыртта жүрүп жалгыз эмес экенимди, жанымда мен жакшы көргөн элим бар экенин туюп, сезип жаттым.
Дагы бир жолу баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Силерди урматтап, Бакиев Курманбек Салиевич", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова 15-январда Минск шаарында каза тапканы маалым болгон. Маркумдун сөөгү Кыргызстанга алынып келери жана Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы үйүндө акыркы сапарга узатылары айтылган.