Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова 15-январда Минск шаарында каза тапты. Бул тууралуу айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 45 жаштагы Төлөмүшова жүрөк кемтигинен улам кайтыш болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн Кыргызстанга алынып келери айтылууда. Ушу тапта Төлөмүшованын жакындарынын Тогуз-Торо районундагы үйүндө акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп жатат.
Назгүл Төлөмүшова Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Бакиев менен бирге өлкөдөн качып кетип, Беларустан башпаанек табышкан. Алардын Лейла жана Данияр аттуу эки баласы бар. Төлөмүшованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына Курманбек Бакиевдин катышары же катышпаары азырынча кабарлана элек.