Кайсы облустагы мектептерде агайлардын саны көп? Министрликтин маалыматы

Кыргызстандын мектептеринде 14 миң 858 агай сабак берет. Бул мугалимдердин жалпы санынын 15,3 пайызын түзөт. Мындай маалыматты бүгүн, 19-январда Билим берүү жана илим министрлиги жарыялады.

Алардын аймактар боюнча бөлүнүшү:

Ош облусунда – 5 миң 642;

Жалал-Абад облусунда – 4 миң 723;

Чүй облусунда – 3 миң 81;

Нарын облусунда – 1931;

Ысык-Көл облусунда – 1890;

Талас облусунда – 1151;

Бишкек шаарында – 1621;

Ош шаары – 1913;

Баткен облусу - 2 911.

"Өлкөдөгү мектептерде жалпы 23 миң 751 эркек киши эмгектенет. Анын ичинен 14 миң 858 агай сабак берет" деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги "Мектептер агайларга муктаж" аттуу акция жарыялаган.

Маалымат үчүн: Республика боюнча жалпы 2333 мектеп бар. Анда 1 миллион 400 миңден ашык окуучу билим алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayge7756
2023-01-19 17:09:00
Баткен облусунда канча?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан