Алмамбет Шыкмаматов "Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси болуп дайындалды

Алмамбет Шыкмаматов "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, кечээ, 19-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шыкмаматовду кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Алмамбет Шыкмаматов 1969-жылы Фрунзеде туулган. 2015-жылы "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаты болгон. 2017-жылы "Ата Мекен" фракциясын жетектеген.

2011-2014-жылдар аралыгында юстиция министри болгон. 2020-жылдагы пармаленттик шайлоодо "Бир бол" партиясынын тизмесинин сап башында турган.

2021-жылы инвестициялар министри болуп дайындалган.

Эске сала кетсек, 17-январда "Бишкек" ЭЭАнын буга чейинки директору Кудрет Тайчабаров өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан