Түркияда Швециянын желеги өрттөлдү. Себеби?

Стамбулдагы Швециянын башкы консулдугунун алдында нааразылык акциясы өтүп, анда түрк активисттери Швециянын желегин өрттөштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматта, бул акция даниялык саясатчы жана юрист Расмус Палудандын аракеттерине жооп болду. Ал бир күн мурун Стокгольмдогу түрк элчилигинин алдында Курандын көчүрмөсүн эл алдында өрттөп жиберген. Партия башчысы мусулмандар үчүн ыйык китепти биринчи жолу өрттөп жаткан жок.

Стокгольмдо Куран китептин көчүрмөсүнүн өрттөлүшүн Түркиядан тышкары Сауд Арабия, БАЭ жана Кувейттин тышкы иштер министрликтери дагы айыпташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-22 22:52:00
баш аламандыктын созулуп кетишине жол бербе. . .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан