Майлуу-Суу шаарында аз камсыз болгон 810 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай иш-чара министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Эмгек министрлигинин шаардык башкармалыгы тарабынан ишке ашкан.
Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун, май жана кумшекер түрүндөгү азык-түлүк топтомдору таратылган.
Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январда шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отканалардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берилбей калган.
13-январда Майлуу-Суу шаарынын аймагына III оордук даражасындагы Өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.