Гурбангулы Бердымухамедов улут лидери макамына ээ болду

Гурбангулы Бердымухамедов улут лидери макамына ээ болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Түркмөнстанда парламенттин жогорку палатасы жоюлуп, элдик бийликтин бир палаталуу жогорку органы – Халк Маслахаты түзүлдү. Мындай чечим 21-январда түркмөн парламентинин жыйынында кабыл алынган.

Ал расмий түрдө өзүнчө турган эң жогорку бийлик органы катары жарыяланып, өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жетектейт.

Халк Маслахатын парламенттин өкүлдөр палатасы катары жоюу жана аны элдик бийликтин эң жогорку органы катары түзүү тууралуу сунуш 21-январда парламентте айтылган. Ал бир нече сааттан кийин эле колдоо таап, ишке ашырылган.

Түркмөнстанда эки палаталуу парламент көпкө иштеген жок. Ал 2021-жылы январь айында түзүлгөн.

Ошентип түркмөн парламенти кайрадан бир палаталуу болуп калды. Мажилистин XII чакырылышына депутаттарды шайлоо ушул жылдын 26-мартында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан