
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги фонограмма боюнча коомчулуктан сурамжылоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, министрлик 1-январдан тарта министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде, концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылышы керек деген буйрук чыгарган.
Эгерде фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөрү
айтылган.
"2012-жылы Жогорку Кеңеш фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алган. Анын негизинде бир нече буйрук чыкканы белгилүү. Бирок ага карабай маданий иш-чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар тууралуу маселе учурда да көтөрүлүп келет.
Бул ирет дагы бул буйрук аткарылбай калышы мүмкүн деген пикирлер орун алууда", - деп жазылат маалыматта.
Министрлик бул боюнча коомчулуктун пикирин сурап, төмөнкү суроолорго комментарий аркылуу жооп берүүсүн суранат.
1) Фонограммага тыюу салынышына пикириңиз?
2) Фонограмма тойлордо дагы тыюу салыныш керекпи?
3) Сиз той берип калсаңыз, чакырган ырчыңыздын фонограммасыз ырдоосун талап кыла аласызбы?
4) Сиздин пикириңиз....