Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды

Бүгүн, 23-январда Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстандагы расмий иш сапарын “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинен баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлады.

"Сенат төрагасы алгач 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондорго арналып тургузулган эстеликке, андан соң улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, маркумдарды эскерди", - деп айтылат маалыматта.

Конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов коштоп барганы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, Маулен Ашимбаев бүгүн Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан