Эл алдында Куран китебин өрттөп, мусулман коомчулугунун катуу нааразычылыгын жараткан даниялык саясатчы Расмус Палудан дарегине түшүп жаткан коркутууларга карабай, мындай иш-аракеттерин уланта берерин билдирди. Бул тууралуу ал инстаграмга жүктөгөн видео кайрылуусунда айтканын чет элдик басылмалар жазды.
Анда ал ишембидеги окуядан кийин бир катар мусулман өлкөлөрүнөн адамдар жазып, өмүрүнө зыян келтирүү менен коркутуп жатышканын билдирген.
"Мага Түркия менен Индонезиядан көп адамдар жазып жатышат. Бирок мен дагы көп жолу Куранды өрттөйм. Силер мага эч нерсе кыла албайсыңар жана бул нерсеге макул болууга гана мажбур болосуңар. Ар бириңер Куранды да өрттөсө болорун, Исламды да сындаса болорун кабылдашыңар керек", - деген ал.
Ошондой эле Стокгольмдогу Түрк элчилигинин астында өрттөгөн Куран китеп өзүнүкү экенин, Швеция менен Данияда өз буюмуңду каалагандай колдонуу укугу бар экенин кошумчалаган.
Расмус Палудан 41 жашта. Ал антиисламдык партиянын негиздөөчүсү. Буга чейин көп жолу ислам динине каршы акцияларды уюштуруп келген. Ал Даниянын соту тарабынан рассизмге айыпталып бир канча жолу камакка алынган.
Эске салсак, саясатчынын бул жоругу Түркияда массалык нааразычылыкты жаратып, Түрк президенти Эрдоган Швециянын НАТОго кошулуу ниетине макулдук берүүдөн баш тарткан.
Өз учурунда Швед бийлиги да билдирүү таратып, ислам динине каршы аракеттерди колдобой турганын, бирок өлкөдө сөз эркиндигине чектөө жок экендигин белгилеген.