29 жылдан бери паспорт ала албаган 7 баланын энеси: "Бир туугандарыма куран окутууга бара албай отурам"

SUPER.KG порталына 2021-жылы "29 жылдан бери жолдошумдан кордук көргөнүм аз келгенсип, 34 жолу документ тапшырып паспорт ала албадым" деген каарманыбыз кайрылган болчу. Арадан эки жыл өткөнүнө карабай документин колуна ала албай жаткан Юлдашева порталыбызга кайрадан кайрылды. Ал бул жолу жашоосунда эч кандай өзгөрүү болбогонун, бир бөлмөдө 5 баласы 4 небереси менен күн кечирип келерин сөз кылды. Тагдыр калчады деген каарманыбыз жолдошунан азыркы күнгө чейин кордук көрүп жашоо кечирүүгө мажбур болгонун, жашоодо ар күнү тынчтыкта өмүр сүрүү анын кыялына айланганын айтып өттү.

Рахима Юлдашева Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи Май айыл өкмөтүндө жашайт. Өзбекстанда атасы каза болгондон кийин апасы Кыргыз өлкөсүнө 15 жашында алып келген. Кыргыз жаранына турмушка чыккан. Учурда 7 баласы, 4 небереси бар.

"Паспортко документ ташырсам эч кандай жыйынтык болгон жок. Былтыр тапшырган учурда Жаңы жылга чейин ID-карта алып каласың дешкен. Чоң үмүт менен күттүм. Азыркыга чейин эч кандай кабар жок. Менден кийин кезекке тургандарга паспорт, загран (ред.: жалпы жарандык) паспорттор берилип эле жатат.

Былтыр бир тууган сиңдим каза болгон. Жакында 2 айдан өтүп калды бир тууган агамдын көзү өтүп кетти. Документим жок болгондуктан каза болгон жакындарыма куран окутууга бара албай калдым (ред:, ыйлап). Паспорт алсам жок дегенде күмбөзүнө барып куран окутуп келейин дегем.

Документим жок болгондуктан жолдошумдун кемсинткенине көп кабылам. "Сени сураган адам жок, сен жок адамсың. Эч жерде каттоодо эмессиң" дейт. Ушундай сөздөрдү угуп, тебеленип келе жатпаймынбы", - дейт ал.

Юлдашева азыркы кезде 9 баласы менен бир бөлмөдө күн кечирип келет. 6 баласы мектепке барат. Ал үйдө балдарына кенен сабак окуганга шарт түзө албаганына кейиди.

"Азыркы учурда 5 балам, 4 неберем колумда. Алардын ичинен алтоо мектепке барат. 9 бала, жолдошум менен бир бөлмөдө күн кечирип келебиз. Балдар сабак окуй турганга стол, отургучтар дагы жок.

Мен көргөн күндү эч ким көрбөсүн... Жайдын күнүндө да, кыштын күнүндө да тынчтык жок. Жолдошум ичимдик ичет. Буга байлыныштуу үйдө ызы-чуу көп болот", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан