Пакистанда мечиттин жарылуусунан каза болгондордун саны 90го жетти

Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитке кол салуудан каза болгондордун саны 90го жетти. Бул тууралуу Radio Pakistan басылмасы жазды.

"Куткаруу иштери уланууда жана мечиттин урандылары тазаланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Полициянын маалыматы боюнча, 200дөн ашуун жабырлануучу ооруканага жеткирилген, алардын 100гө жакыны ооруканага жаткырылган, калгандары чыгарылган.

Буга чейин 83 адам каза болуп, 157си жаракат алганы кабарланган. Каза болгон 40 адамдын сөөгү экспертизадан кийин үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилди.

Пакистандын мечитиндеги жарылуу кечээ, 30-январь күнү болгон. Анда жанкечти мечитке кирип келип, өзүн жардырып жиберген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан