Украинада Казакстандын төртүнчү боз үйү орнотулду. Мындай маалымат Львов облусунун администрациясынын расмий сайтына жарыяланды.
Буча, Киев жана Харьков шаарларынан кийин эле Львов шаарында боз үй тигилди. Боз үй шаардын так ортосуна тигилген. Боз үй күн сайын саат 9:00дөн 19:00гө чейин ачык. Ал жерден жылынып, мобилдик телефонду кубаттап, чай ичип, Казакстандын улуттук тамак-аштарын, палоо жана боорсок менен жесе болот. Боз үйгө 50 киши батат.
Боз үй тигүү Украинадагы казак диаспорасынын өкүлдөрүнүн демилгеси менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында Украинада дагы эки боз үй ачуу пландалууда.