"Көзүнө жаш алып". Кыргызстандык куткаруучуларды Түркияда тосуп алган учурдун видеосу

Кыргызстандан Түркияга жөнөтүлгөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларын түркиялыктар кубануу менен тосуп алган видео тарады.

Анда видеону тарткан айым, "Түркияга кош келдиңиздер, терең ыраазычылык билдиребиз!" деп, кыргызстандык куткаруучулардын биринен каяктан келгендигин сурайт. "Кыргызстандан" деген жоопту уккан соң, "Жандарыбыз, бир туугандарыбыз келиптир" деп мукактана, көзүнө жаш алганын байкоого болот.

Белгилей кетсек, бүгүн 7-февралга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 63 куткаруучусу Түркияга жер титирөөдө жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн учуп кетишкен.

Видео интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
udoqawje
2023-02-07 22:38:00
udoqawje
2023-02-07 22:38:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан