18 сом кошулду. Бишкекте таштандыга төлөнгөн акы кымбаттап, суу наркын көбөйтүү мерчемделүүдө

Бишкек шаарында февраль айынан тарта таштандыга төлөнгөн акы кымбаттады. Шаар тургундары электр жарыгы үчүн 1-майдан тарта 1 сом төлөй баштайт. Буга удаа коомдук транспортко жана ичүүчү сууга болгон бааны көбөйтүү демилгелери учурда коомдун талкуусунда турган чагы. Калаадагы коммуналдык кызмат акыларын көтөрүүнүн себептерин атап, тургундардын пикирлерин айтып беребиз. Анда сөз башынан болсун.

Таштандыга төлөнгөн акы кымбаттады

31-январда шаардык кеңеште калаадагы катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөнүүчү бааны жогорулатуу боюнча токтом долбоору кабыл алынган. Токтом долбоору 1-февралдан тарта күчүнө кирди, атап айтканда шаар тургундары 1-марттан тарта жаңы тариф менен төлөм төлөп баштайт. Ага ылайык:

- бир адамга айына 41 сом (азыр 22,5 сом), ал эми пенсионерлерге 22,5 сом;

- менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн - 1 куб метрине 361 сом же 1 тоннасына 2430 сом (КНСсиз) (азыр куб метри 225 сом);

- менчигинин түрүнө карабастан, катуу калдыктарды өз алдынча ташып чыгаруу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн - тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1 тоннасына 445 сом (КНСсиз) тарифтери каралган.

Бишкек шаарындагы "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев таштандыгы төлөнгөн тарифтин кымбаттаганын аргасыз чара болгонуна ишендирди.

"Буга чейин 2015-жылдагы токтом долбооруна ылайык, калк таштандыны чыгарууга 22 сом 50 тыйын, пенсионерлер 6 сом төлөп келген. Жаңы тариф боюнча, пенсионерлер үчүн 22 сом 50 тыйын, калкка 41 сом каралды. Тарифти аргасыз көтөрдүк. Мисалы, быйылкы күйүүчү майдын баасын 2015-жылга салыштырсак 110 пайызга жогорулады. Алсак, 2015-жылы дизелден баасы 35 сом болсо, азыркы учурда 70 сомдон жогору болуп жатат.

"Тазалык" ишканасы ай сайын 200 тоннага жакын күйүүчү майды коротот. Аны азыркы баалар менен алганда мекеменин бюджетинин чыгашасы 52 миллион сом болуп жатат. Бул бир гана күйүүчү майга кеткен чыгаша", - деди Алиев.

Төмөндөгү таблицада 2015-2022-жылга карата баалардын өсүшү көрсөтүлгөн.

Андан тышкары "Тазалыктын" жетекчиси жогорулатылган тарифтен түшкөн каражатка жаңы техникалар алынып, кызматкерлердин маяналары көбөйөрүн убадалады.

"Шаар тургундарынан бир аз убакытка чыдап турушун суранат элем. Буюрса, бир-эки айдын ичинде жаңы тарифтин негизинде түшкөн каражаттарга техника алабыз, кызматкерлердин маяналарын көтөрөбүз. Бишкек шаарынын тургундарына убада берем, эки айдын ичинде "Тазалык" кандай деңгээлге көтөрүлөрүн көрөсүздөр", - деген ал.

Бишкекте муздак сууга болгон бааны көбөйтүү боюнча токтом долбоору 1-февралда коомдун талкуусуна коюлду.

Калаа бийлиги учурдагы тарифтин төмөн болгонуна байланыштуу "Бишкексууканал" ишканасынын зыян тартуусуна жол бербөө максатында тарифтерди өзгөртүү пландалып жатканын белгилеген. Токтом долбооруна ылайык:

Суу:
  • жарандар үчүн куб метрин - 10 сом 45 тыйын чегинде бекитүү (азыркысы 8 сом 10 тыйын), 29 пайызга;
  • бюджеттик уюмдар үчүн - 12 сом 95 тыйын сом (азыркы баасы 9 сом 10 тыйын), 42,31 пайызга;
  • башка колдонуучулар үчүн - 18 сом 5 тыйын (азыркы баасы 13 сом), 42,31 пайызга жогорулайт.
Канализация:
  • калк үчүн - 3 сом 45 тыйын (азыркы баасы 2 сом 30 тыйын);
  • бюджеттик уюмдар үчүн - 4 сом 5 тыйын (азыркы баасы 3 сом);
  • башка керектөөчүлөр үчүн - 9 сом (азыркы баасы 6 сом).

Мындан тышкары мэрия көп батирлүү турак үйлөрдөгү түтүктөрдү техникалык тейлөөнүн тарифин көбөйтүүнү пландап жатат.

Калк жана башка керектөөчүлөр үчүн турак жайдын бир чарчы метринин баасын жылына 15,1 сомдун чегинде бекитүү сунушталууда. Азыркы баасы 10,2 сом.

Мэрия "Бишкек суу канал" ишканасы учурда оор финансылык абалда турарын, буга байланыштуу тарифтерди көтөрүү зарылдыгын жүйө келтирет:

  • чыгымдарды жабуу үчүн тарифтердин жетишсиздиги, анын натыйжасында башкармалык зыян тартууда;
  • электр энергиясына карата тарифтин кескин өсүшү (41 пайызга);
  • инфляциянын кесепетинен баалардын өсүшү (материалдар, КММ, жабдуулар, химиялык реагенттер, атайын кийимдер);
  • кайтаруу боюнча чыгымдардын өсүшү;
  • эмгек акы төмөн болгондугуна байланыштуу квалификациялуу кадрлардын жумуштан кетиши;
  • суу түтүк-канализациялык чарбаларын өнүктүрүү, модернизациялоо үчүн каражаттардын жоктугу;
  • тармактары авариялык абалда турган көп батирлүү турак үйлөрдүн турак жай фондунун эскиришинин жогорку деңгээли;
  • көп батирлүү турак үйлөрдөгү тармактарды оңдоого каражат жоктугунан аварияларды жоюуга карата табыштамалардын саны өсүүдө.

Белгилей өтсөк, чечим Бишкек шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынат.

Маалымат үчүн: Айыл чарба министрлиги өлкөдө сугат сууга болгон тариф көтөрүлбөй турганын билдирген. Буга байланыштуу Суу ресурстары кызматы дыйкандарга сууну 5 тыйындан 50-70 тыйынга чейин берүүнү пландаштырууда.

Калаадагы коомдук транспортторго жол акыны көтөрүү мерчемделип жатат

Ушул жылдын 26-январында Бишкек мэриясы калаадагы коомдук транспортторго жол кире тарифин өзгөртүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык бир жүргүнчүнүн жол кире наркы:

  • троллейбуста - 15 сом;
  • менчик түрүнө карабастан автобуста (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) 15 сом;
  • менчик түрүнө карабастан чакан жана өзгөчө класстагы автобустарда – 21 сом;

менчик түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда:

  • 6:00дөн 20:30га чейин - 21 сом,
  • 20:30дан 06:00гө чейин - 32 сом.

Менчик түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы экспресстик автобустарда:

  • № 233, 234 - 22 сом;
  • № 123, 226, 252 - 32 сом.

Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм 40 килограммдан жогору же көлөмү 50х60х100 сантиметр - 10 сом.

1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол билети) наркы:

  • мектеп окуучулары үчүн - 320 сом;
  • троллейбустарда, автобустарда жүрүү үчүн - 920 сом.

Бишкек мэриясы жол кире акысын көтөрүү эксплуатациялык чыгымдар жана транспорттук ишканалардын экономикалык абалы эске алынып, демилгеленгенин белгилеген.

Чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат.

Өлкөдө 1-майдан тарта электр энергиясына болгон баа бир сомго жогорулайт

Май айынан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 0,77 тыйындан бир сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу 21-январда өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Мамлекет башчы буга электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өскөнүн, ошондой эле электр жабдыктарынын эскилиги жеткенин жүйө келтирген болчу.

Анда "сөзүмдүн акырында элге кайрыларым, жогорудагылардын баарын эске алуу менен, ушул жылдын май айынан баштап электр энергиясына болгон тарифти 0,77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз. Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар.

Себеби бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт.
Калганын өзүңүздөр талдап көрсөңүздөр болот", - деп жазган Садыр Жапаров.
Коммуналдык тарифтердин наркын жогорулатуу боюнча коомчулуктун пикири
Бишкек шаарынын тургуну Назгүл Канатбек кызы калаада жолдошу жана 2 кызы менен турат. Ал өзгөчө жол акынын көтөрүлүшү ойлондуруп жатканын белгиледи. Себеби калаада окуу, жумуш үчүн ар бир үй-бүлө күн сайын коомдук транспорттун жардамына муктаж.

"Азыркы мезгилде жашоо кыйындап баратат. Айлыкты көтөрүп койгону менен бир жагынан кайра коммуналдык кызмат акыларын көтөрүп жатышат. Эч кандай айырма деле жок. Жол кире көтөрүлсө бир топ кыйынчылыктар жаралса керек. Өзгөчө көп балалуу үй-бүлөлөргө. Окуучулар жол кире жок сабактарга деле баралбай калышы мүмкүн да. Кыргыздар даана тентишет го".

3-курстун студенти Жазгүл Жеңишбекова сабактары бүткөн соң жумушка шашат. Анткени батир, коммуналдык акы, тамак-аш жана башка чыгымдарын каржылоосу зарыл.

"Былтыр электр жарыгына эң көп дегенде 2 миң сомдой эле төлөгөнбүз. Ал эми декабрь, январь айларында 4000-4500 сомдон төктүк. Бул электр жарыгыныкы эле. Батирибиз 1 бөлмөлүү, айына 7 миң сом төлөйбүз. Үйдө таежемдин баласы, эжекем, анын кичинекей кызы болуп төртөөбүз жашайбыз. Мен окуума байланыштуу түштөн кийин иштейм. Кээде жумушка чыкпаган күнү эжекеме эле кыйын болуп калат. Ата-энем айылда турат, бирок шартка байланыштуу жардам бере алышпайт. Азык-түлүк да кымбаттады".
Активист, ишкер Бакай Акылбековдун айтымында, коммуналдык кызмат акыларын көтөргөнгө жараша жумуштун сапаты жогору болушу зарыл.
"Коммуналдык төлөмдөр кымбаттаганы эч кимге жакпайт. Себеби азыркы кезде элге бир учурда баалардын көтөрүлгөнү туура болбочудай. Мисалы, таштандыга 22,5 сомдон дароо 41 сомго көтөрүп жибергени туура эмес деп ойлойм. Акырындык менен аздан кошуп, жыйынтык көрсөтүп, көтөрсө жакшы болмок. Бир аз элге кыйынчылык жаралат. Учурда калкка дүйнөлүк экономиканын таасири тийип жаткан кези.
Бир чети кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн тарифтерди көтөрүү керек дегени да туура. Себеби шаарды таза кармоо максаты турат. Эгерде көтөрүлгөн акыны максаттуу пайдаланып, калаанын тазалыгы сакталса тургундар ыраазы болсо керек", - дейт.
Шаар тургуну Гүлиза Орколованын 3 баласы мектепте окуйт. Ар күнү Ак-Ордо конушунан мектепке барып келген балдарынын жол акысын эсептеген эне, анын наркын дагы көтөрүү пландалып жатканына нааразы болду.
"Азыркы кезде баары эле кымбат болуп турган учур. Дагы жол акы кымбаттаса кыйын эле го. 3 балам мектепке барат. Коммуналдык кызматка төлөнгөн акыдан сырткары башка дагы чыгымдар бар да. Мамлекеттик жумуштарда маяна көтөрүлгөнү менен менчик ишканаларда айлык жогорулаган жок. Жолдошум экөөбүз тең цехте тигүүчү болуп иштейбиз. Мурунку баалар менен иштеп жатабыз. Эмне деп айтышты дагы билбей турам".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан