Түркиядагы жер титирөө: Сейсмолог урандылардын алдында 184 миңдей киши бар экенин айтты

Түркиядагы катуу жер титирөөдөн ураган имараттардын алдында 180 миңден ашык адам болушу мүмкүн. Бул тууралуу түрк сейсмологу Овгун Ахмет Эржан билдиргенин Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Сейсмолог Түркиянын 10 шаарында 13 миллион 600 миң адам жер титирөөдөн жабыркаганын билдирген. Ошондой эле ал 6 миңге жакын үй урап түшкөнүн, буга чейин куткарылгандарды кошпогондо, болжол менен 184 миң адам урандылардын астында калышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Буга чейин БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 50 миңден ашышы мүмкүн экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-02-13 22:50:00
сабырдуу болушуң керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан