БУУ Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 50 миңге жетиши мүмкүн экенин билдирди

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 50 миңден ашышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Гриффитс белгилегендей, азыр кырдаалга баа берүү кыйын, бардык урандыларды демонтаждоо жана текшерүү керек.

"Бирок мен өлгөндөрдүн саны бул көрсөткүчтөн эки эсе же андан көп болорун айтат элем. Бул абдан коркунучтуу", - деген ал.

Акыркы маалыматтар боюнча Түркия менен Сирияда каза болгондордун саны 31 миңден ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан