"Мындай башаламандыкка жол бербейбиз". Балбак Түлөбаев агынан жарылды

Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Ош облусундагы “Кара-Суу” базарынын айланасындагы чуу боюнча маселе көтөрдү.
Эл өкүлү аталган базардагы 5 гектар жерди мамлекет алып, кайра бир фирмага берип койгонун айтты.
"Ошол фирманын ээси ким? Эмне үчүн мамлекет алгандан кийин өзү иштетпейт? Анысы аз келгенсип, жанындагы 7 гектар жерди алып, элди какшатып, кызыл китебин да урганы жок. Ошол жерде бир фамилия бар экен, аны бул жерден айтпай эле коёюн. Базарда өтүп баратып ит каап алса да, "бул итти токтоткула" деп Бишкекке чалат экен. Эртең анын баары мыйзам алдында жооп берет", - деди Түлөбаев.
Ошондой эле ал Бишкектеги үлкөн адамдардын атын айтарын белгилеп, "мен ошонун атынан келдим" дей турганын билдирди.
"Мындай башаламандык болбойт, биз буга жол бербейбиз. Ошон үчүн "кысчу жерин кысып" ансыз да араң турган элдин канын ичпей, мыйзам чегинде ишин алып барсын! Жанагы алып койгон 5 гектар жерин мамлекетке берсин, өзүнүн энесине каттатып койбой. Ал жерден чатак чыгат деп 3-4 айдан бери эскертип келатабыз, укпай койдуңар. Бирөөнүн мүлкүн тартып алган болбойт, азыркы бийликте мүмкүн эмес", - деди эл өкүлү.
Ага чейин депутат Адахан Мадумаров да аталган маселе боюнча иш бүгүн Жогорку Сотто караларын айтып, президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылган эле.
Жогорку Кеңеш 15.02.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан