Садыр Жапаров Тажикстандын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жаратылыш кырсыгынын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"2023-жылдын 15-февралында Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда кар көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм", - деп айтылат жолдонгон көңүл айтууда.

Эске салсак, Тажикстанда 15-февралдагы кар көчкүнүн кесепетинен 10 адам каза болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-02-17 13:28:00
айтпаш керек болчу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан